Menu

Видео – Адахан Мадумаров: “Мамат Айбалаев чек ара, жер үчүн күрөшкөн жок, ал кызын Улуттук банкка, уулун Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна мамлекеттик кызматка дайындатты”

Бөлүшүү:

“Чек ара талашын жер алмашуу жолу менен чечүү деген бул СССРден бери келаткан сөз, бул аргасыздын сөзү. Учурунда мүмкүнчүлүк келип турганда арамзаланбастан дал ушудан башташ керек эле. Башка эч жол калбаганда ушул алмашуу жолуна барыш керек”, – деп билдирди бүгүн, 14-январда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров маалымат жыйын өткөрүп жатып.

“Алмашуу жолу бул оңой жол эмес. Мында эки өлкөнүн башчыларынын бири-бири менен болгон мамилеси, сыйы чоң роль ойнойт… Жеңиш Разаковду кызматтан алгыла деп Баткендиктер канчадан бери кайрылып келатышат… Кечээ премьер-министр айтып жатат: “мен катуу буйрук бердим, чек араны жакшылап кайтаргыла” деп. Бул эмне деген жапайычылык? Эмне ага чейин андай буйругуң жок беле? Ага чейин эмне орто кайтаргыла деген буйрук бар беле? – деди Мадумаров.

“Баткенге губернатор кылып 6 Айбалаевди алып барса да ал маселелер чечилбейт. Айбалаев айтып жаткандары ал баласы менен кызын мамлекеттик кызматка жайгаштыруу үчүн гана айтылган сөздөр. Мен муну бир жыл мурун айткан элем, мына кечээ жарлык чыгыптыр. Кызын Улуттук банка кызматка дайындаптыр. Баласы Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунда. Эми алар жер үчүн күрөшүп жаткан жок да, өздөрүнүн урпактары үчүн күрөшүп жатат да. Ачыгын эле айтышыбыз керек да. Мына, демократ болуп кыйкырып жүргөн бирөөнү элчи кылып дайындап койду, эки баласын эки жака орноштурду. Бүтү ошону менен, реформасы да, башкасы да бүттү…”, – деди Мадумаров.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: