Menu

Путин эмнеге Медведевдин өкмөтүн кетиргени айтылды

Бөлүшүү:

Орусиянын президенти Владимир Путин премьер-министр Дмитрий Медведевдин өкмөтүнө улуттук долбоорлорду жүзөгө ашыруу аракетине нааразы болгон. Бул жөнүндө 16-январда Forbes журналы жазып чыкты.

Өткөн жылдын аягында Путин менен Медведев бул маселени талкуулашып, улттук долбоорлор улуттук идеялардын максаттарына жеткенге жардам бербестигин билгенде, президент катуу ачууланган экен. “Путин буга аябай эмоционалдуу реакция жасаган”. – деп жазат журнал.

Путин өкмөттү кетирүү чечимин жеке өзү кабыл алган. 15-январда Путин Медведев өткөргөн өкмөт жыйынына катышып, министрлер кабинетин кетирди. Мындай болуп кетерин бир дагы өкмөт мүчөсү күткөн эмес. Орус президенти аткаминерлерди кылган иштерине ыраазычылыгын билдирип, кетип жаткан премьер-министр Д.Медведевди Орусиянын коопсуздук кеңешиндеги орун басары кылып дайындарын айткан. Калган аткаминерлердин тагдыры айтылбайт.

Өкмөттү кетрирер алдында өлкө башчысы Федералдык жыйынга кайрылуу жасап, Конституцияга өзгөртүү кирерин, социалдык жана демографиялык колдоо үчүн жаңы иш-чаралар өтөрүн билдирген эле.

Болжол менен премьер министр болуп Федералдык салык кызматынын жетекчиси Михаил Мишустин дайындалат деп жатышат. Анын талапкерлигин бүгүн Мамдума карайт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: