Өзгөн районунун Кутурган айылындагы окуучулар жолдун алыстыгынан мектепке эшек минип барышат. Бул тууралуу видеону аталган айылдын тургуну Бакыт Аширов социалдык тармактарга жарыялады.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 14-январь күнү Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айылдарда элдин жашоосу жакшырганын айткан. Ал айылдардагы чогулуш-жыйындарга тургундар 10 жыл мурдагыдай ат, эшек менен эмес, унаалар менен барып калышканын билдирген. Мындан улам вице-премьер-министрдин айткандары социалдык тармактарда талкууга алына баштады.
Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Кутурган айылынын тургуну жарыялаган видеодо окуучулар ушул күнгө чейин мектепке эшек минип бара турганы айтылат жана мектептин аймагында эшектердин байланып турганын көрүүгө болот.
Кутурган айылындагы Б.Келдибаев атындагы орто мектептин директору Турсунгүл Жумагулованын айтымында, мектепте 425 бала билим алат.
«Биздин айылда бир эле ушул мектеп бар. Балдар 2 нөөмөт менен билим алышат. Негизи алысыраак жашаган башталгыч класстын окуучулары гана мектепке эшек минип келишет. Жазында жолдор баткак болгондуктан буттарын ылай кылбайлы деп көпчүлүк учурда эшек минишет. Мектеп учурда оңдоодон өткөрүлүп жатат. 2019-жылы капиталдык оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 12 млн сом каралган. Азыр мектептин терезелери толугу менен алмаштырылды. Балдар үчүн бардык шарттар бар», – деди мектеп директору.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ