Menu

Экс-депутат Феликс Кулов: “Кыргыз-тажик чегарасына атайын от жаккан күчтөр бар”

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чегарадагы жаңжалдар боюнча өз пикирин генерал Феликс Кулов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты:

“Дагы бир жолу кыргыз-тажик чегарасындагы жаңжалды айтып өтөйүн. Себептери оголе көп, коңшулук-тиричилик мүнөздөн башталып, чоң саясатка чейин барып такалат. Мен мурда дагы айткам, дагы айта кетейин, ал көйгөйдү коңшу өлкөнүн атайын кызматтары чече албай келет.

Ал – тажик бийлигине элдешкис каршы турган оппозициясы атайын чегарада чыңалуу жаратып, Тажикстанда ички кризис жаратып, Эмомали Рахмондун бийлигин кулатууга болгон аракети. Белгилүү болгондой, Тажикстанда болгон жарандык согуштан кийин эл бийлик үчүн күрөш жөнүндө уккусу да келбей, тынчтыкты гана самап калган эле. Ошондо бүгүнкү тажик бийлигине каршы тургандар калктын колдоосуна ээ боло албай, буйткаларга кире качышкан. Бирок мезгил өтүп, эми баш көтөрө башташкандай.

Жаңы мисалдардан айтсак, жакында эле тажик чегара заставасына өздөрүнүн эле жарандары кол салды. Эгерде кыргыз-тажик чегарасындагы жаңжалдарга саресеп салсак, негизги себеп тажик тараптан атылган октор болуп жатат. Бирок биздин да, тажик тараптын да укук коргоо органдары күнөөлүүлөрдү таппай келет. Бирок бардык учурда ок тажик тараптан атылууда. Ошондуктан, логикага таянсак, эки коңшу элди кайраштыргысы келген үчүнчү күчтөр бар сыяктуу. Мындай тактика аябай байоо, бирок абдан таасирдүү: эгерде тажик же кыргыз тараптан курмандыктар көп болсо (провокаторлордун максаты ушул), анда жаңжал мамлекет аралык деңгээлге чыгып кетиши мүмкүн, а бул өлкөлөрдүн ички кырдаалына таасир берип, бийликтин кадыр-баркын түшүрөт. Эсиңердеби, эки өлкөнүн президенттери чегарада жолугуп, маселени чечүүнү сүйлөшүштү эле, көп өтпөй, кайра эле жаңжал чыкты.

Ошондуктан, чегарадагы маселелерди чечүү менен бирге эки өлкөнүн атайын кызматтары провокация кылып жаткан күчтөрдү табуу үчүн биргелешип иш алып барууга тийиш. Эл арасында дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кимдер мындай жаңжалга түртүп жатканын аныктагандары оң болот.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: