Москвада турмушка чыгып, дайынсыз жоголгон кыргызстандык кыз табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, былтыр, декабрда ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө жана полицияга 1977-жылы туулган аял арыз менен кайрылган. Ал арызында 2002-жылы туулган кызы Орусияга 2019-жылы, сентябрда анын колуна барып, үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.
ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү полиция менен бирге издөө жүргүзүп, териштирген. Анын жыйынтыгында кыз табылган. Ал Кадамжай районунун 26 жаштагы тургунуна турмушка чыгып, аны менен жашап жүргөн. Эне-кыз жолукканда, кыз бул никеге апасы каршы болгондуктан, аны башкалар турмушка узаткан. Өкүлчүлүк өспүрүм кыз жана анын жакындарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, укуктарын түшүндүргөн.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ