Menu

Бакир Таиров парламенттик шайлоодо саясий партиялардын бирин каржылоо керек деген шылтоо менен кайсы компаниялардан акча алганы айтылды

Бөлүшүү:

4-октябрдагы парламенттик шайлоо алдында Финполициянын экс-төрагасы Бакир Таиров саясий партиялардын бирин каржылоо керек деген шылтоо менен кайсы  компаниялардан ири өлчөмдөгү акча каражатын алганы белгилүү болду. Бул тууралуу VB.KG басылмасы Финполициядагы булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бул жерде жеке компаниялар жөнүндө сөз болуп жатат.

“Бир нече жеке компаниялар бар. Ири ишканалар – бул “Фрунзе” гипермаркеттер тармагы, “Технотоп” ЖЧКсы, “Электросила” ЖЧКсы жана дагы майда фирмалар бар. Алардан коркутуу жана опузалоо жолу менен алардан жалпы суммасы 1 миллион 200 миң долларды түзгөн акча каражаты алынган. Бул сумманы мамлекеттик агенттиктин жетекчилеринин бири чогултуп, Таировго өткөрүп берген болушу мүмкүн “, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ Финполициянын экс-төрагасы Бакир Таиров кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Сотко чейинки процесстин алкагында, 2020-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында Финполициянын экс-төрагасы Бакир Таиров саясий партиялардын бирин каржылоо зарылдыгын шылтоолоп, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин бирин ири суммадагы акча которууга мажбур кылганы аныкталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: