“2019-жылдын жыйынтыгында Америкалыктар жүргүзгөн иликтөө боюнча Раим Матраимов биринчи жолу саясатчылардын катарына 14% ишеним менен Кыргызстандагы алдыңкы 10 саясатчынын катарына кирип калыптыр”, – деп билдирди “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Марал радиосунун редактору Майраш Базлакуновага берген маегинде.
“Эми келе жаткан шайлоолордун жыйынтыгы боюнча алардын кыргыз саясатына таасири канча экенин айта алабыз. Бул Америкалыктардын изилдөөсүндөгү жыйынтыкты иш жүзүндө конвертациялоо керек. Конвертациялоонун бир жолу – бул депутаттык мандат алуу. Мандатың болсо трибунаң болот, бийликке түз таасир эте аласың. Азырынча бул рейтинг, элдин пикири. Элдин бир бөлүгүнүн оң пикири. Аны инструментке айландырыш керек – бийликке.”, – деди Текебаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ