Menu

Ок тийген ак илбирсти дарылоо үчүн атайын банктык эсеп ачылды

Бөлүшүү:

Ок тийген ак илбирсти дарылоо үчүн банктык эсеп ачылды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-январь күнү билдирди.

Алардын айтымында, биринчи күндөн тарта эле кайдыгер эмес адамдар кайрылышып, ок тийген ак илберстин абалын сурап, ага жардам берүүнү каалагандардын саны көп болгон.

“Көпчүлүктүн суранычы менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги ак илбирсти мындан ары дарылоо үчүн атайын банктык эсеп ачты. Каалоочулар акча каражатын которсо болот” – деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүн Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Мирслав Аманкулов РСК банкынын төрагасынын орун басары Айчүрөк Жакыпова менен жолугушту.

РСК банк ак илбирсти дарылоо үчүн 50 миң сомго сертификат тапшырды.

“Ак илбирстин абалы операциядан кийин жакшырган. Операцияга чейин ал такыр басчу эмес. Азыр ал басып, суу ичип, акырындан эт жеп баштады” – деп билдирди Мирслав Аманкулов.

“Азыркы учурда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин кызматкерлери күч органдары менен биргеликте ак илбирсти аткандарды издеп жатышат. Мен бул ишти өз көзөмөлүмө алып, Ички иштер министрлигине кайрылып, ишти тездетүүнү сурандым” – деп кошумчалады агенттиктин директору.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: