Токмок шаарында 17 жаштагы мектеп окуучусу 15 жаштагы кызды зордуктаганы боюнча шектелип жатканын 17-январда Чүй облусунун ШИИБисинин басма сөз кызматы билдирди.
13-январда Токмок ИИБисине жергиликтүү тургун айым кайрылган. Ал 2019-жылдын мартында 16 жаштагы Ш.Ш. шаардын ташталган имараттарынын биринен кызын зордуктап койгонун айткан. Анда кыз 14 жашта экен. Бул окуяны эне 2020-жылдын 12-январында гана уккан, ошол замат милицияга кайрылган.
Бул факт 161-берене (“Зордуктоо”) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Милиция кызматкерлери өспүрүмдү милиция бөлүмүнө алып келишкен. Сурак учурунда жаш бала кыз менен 2018-жылдын июнунда таанышып, бир нече ай сүйлөшүп жүргөнүн айткан. Бирок зордуктабаганын, кыз экөө бири-бирин жакшы көрүп, өз каалоолору менен жатышканын жүйөө катары келтирген.
Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ