Menu

Афганистандын Кыргызстандагы элчисинин дипломатиялык миссиясы аяктоодо

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-январь күнү КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Афганстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мохаммад Исса Месбахты анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн жылы кыргыз-афган мамилелеринде белгиленген динамиканы Министр жогору баалады. Буга Афганистандын Президенти А.Ганинин ШКУнун Бишкек Саммитине катышуусу, Афганистандын Тышкы иштер министри С.Раббанинин Кыргызстанга расмий сапарынын ийгиликтүү жасалышы жана 2019-жылдын апрелинде Бишкекте “ШКУ-Афганистан” Контакттык тобунун Үчүнчү жыйынынын өтүшү далил болду.

Өткөн жылы Афганистандын Чоң жана Кичи Памириндеги этникалык кыргыздардын абалын жакшыртуу боюнча маселелерге эң чоң маани берилгендиги белгиленди.

Кыргыз-афган мамилелеринин өнүгүшү боюнча жасаган иштери жана Кыргызстан менен Афганистандын ортосундагы достук мамилелердин бекемделишине кошкон салымы үчүн Ч.Айдарбеков И.Месбахка ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде, биргеликте жемиштүү иштешишкендиги жана анын демилгелерине толук көмөк көрсөтүшкөндүгү үчүн Афганистандын Элчиси кыргыз тарабына ыраазычылыгын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: