Menu

Темирлан Ормуков, акын: “Азимбек Бекназаров деле эски “жулик”, көксөгөнү бийлик, байлык! Бульдозер эмес эле, “Былыкозер!”

Бөлүшүү:

Акын Темирлан Ормуков ар бир саясатчыны сындап жазып, аягын ыр менен бүтүрөт. Бул жолу коомчулукта сөз болуп жаткан Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Азимбек Бекназаровду сындап, “Фейсбуктагы” баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды.

Айрымдар Азимбек Бекназаровду сындап жазган пикирлерине толук кошулам. Анткени, ал Үзөнгү-Кууш сатылганда, ошол маселени катуу көтөрүп, жакшы чыккан. Эл оозуна алынып, чыныгы патриот деп кабыл алганбыз. Аксыдан жүрүш баштаган эл колдоп окко учкандары да болду. Ошол кезде Бекназаров ушул Үзөнгү-Кууш маселесин аягына чыгарып сатылган жердин баарын кайтарып келбесе да, жок дегенде кичинесин кайтарып алууга жетишээр деген ойдо болчубуз. Бирок, Азимбек акебиз Акаев кулагандан кийин, чоң саясатка аралашып, Үзөнгү-Кууштун маселесин аягына чыгармак турсун, ошол маселени өзү бийликке жакындап алгандан кийин, кайра жашырууга көмөктөштү көрүнөт. “Үзөнгү-Кууш сатылды” деп айгайлап чыкса, биз курган эл, чын эле Бекназаров элге, жерге күйүп жатат деп жүргөн турбайбызбы. Көрсө, “Кокуй, Үзөнгү-Кууш сатылып кетти!”, – деп кыйкырганы жөн гана реклама, өзүн элге таанытып эптеп бийликке жетүү ыкмасы экен да. Чындап Үзөнгү-Кууштун сатылганына жаны күйгөн адам өзү бийликке келгенден кийин Кытай бийликтерине кайрылып, калп да болсо нота жибертип койбойт беле?! Эл аралык сотторго кайрылып, аракет кылып көрсө деле болмок да! Элдин аркасы менен, адам каны аралашкан ыкма менен бийликке келип, анан өзүн “Бульдозер” атап шерденгени эмнегедир кыжырымды келтире берет. Кыскасы, бул Азимбек Бекназаров деле эски “жулик”, көксөгөнү бийлик, байлык! Бульдозер эмес эле, “Былыкозер!”
Айтпасам жүрөк тумчугат,
Айтканда арман үн чыгат.
Жеп көнгөн элдин ырысын,
Эскилер такка умтулат.

Чоң бийлик көксөп жүрөгү.
Бульдозер сөрөй жүдөдү.
Шайлоонун асты камданып.
Азимбек “түлкү” жүрөбү?,-деп жазган Т.Ормуков.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: