Кечээ, 17-январь күнү “Ак-Тилек” өткөрмө пунктунда чек арачылар Кыргызстандын аймагына ташылып келе жаткан мыйзамсыз жүктү кармашты. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Алардын маалыматы боюнча, “Ак-Тилек” өткөрмө пунктуна Казакстандан ” VOLVO” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа келген. Анын айдоочусу 1990-жылы туулган Б.А. аттуу кыргызстандык жаран болгон.
Жүк ташуучу унааны текшерүүнүн баштапкы этабында айдоочунун тынчсыздануусу чек арачыларда шек жараткан. Ушундан улам унааны дыкаттык менен текшерүүгө өтүшүп, чек арачылар тиешелүү документтери жок чет өлкөлүк өндүрүштөгү алкоголдук продукцияны табышкан.
Бардык тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин жүк ташуучу унаа жана айдоочу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ