19-январда Кыргызстанда Чокунуу (Крещение) майрамына карата муздак көлмөгө чокунуп түшүп жатышат. 18-январдан 19-январга караган түнү Бишкектик жана Кыргызстандык епископ Даниил Ыйык-Воскресенк кафедралдык соборунда жаратканга жалынган литургияны башкарды. Ал бүткөндө, храмдын аймагында епископ Иорданды сууга алуу чинин жасады.
Ал эми Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айлындагы көлмөгө 200дөн ашык жергиликтүү тургундар менен бишкектиктер чогулуп, Чокунуп түшүү жырымын кылышты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ