Menu

Кой-Таш окуясы: Клара Сооронкулова Башкы прокуратурага кайрылбай калды

Бөлүшүү:

Конституциялык палатанын экс-соту К.Сооронкулова Кой-Таш окуясын иликтеген мамкомиссиясынын корутундусу боюнча Башкы прокуратурага кайрылбай тургандыгын өзү 20-январда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, ички иликтөө жүргүзүү боюнча Жогорку Кеңңешке да кайрылуу кылбайт. “Көзөмөл органга арыз жазууда кыйынчылык жаралып калды, анткени мамкомиссияда мамлекеттик органдын макамы жок. Бирок бул өзүнчө эле прецедент”, – деди ал.

Экс-сот айым парламент жыйынынын алдында ММКларга мамкомиссия мүчөлөрү кол койгон документ эмес, оңдолгон варианты көрсөтүлгөнүн айткан.

7-8-августтагы Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча мамкомиссиянын дагы бир мүчөсү генерал Артур Медетбеков да кол коюлган документ менен ЖК жыйынында окулган корутундунун ортосунда айырмачылыктар бар экенин билдирген.

Бирок комиссиянын башка мүчөлөрү, комиссия башчысы вице-премьер Жеңиш Разаков муну тастыкташкан эмес.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: