Menu

Мирбек Айтикеев, журналист: “Жанар Акаев, Кундуз Жолдубаевага окшогон жаңы жүздөр өлкөнүн келечегин, тагдырын колго алышы керек”

Бөлүшүү:

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, чет жакта бозгунда жүргөн журналист Мирбек Айтикеев “Убакыт келди…” аталышта “Фейсбуктагы” баракчасына депутат Жанар Акаев тууралуу төмөндөгүдөй пост калтырды.
Жанар Акаевди тээ Бакиев доорунан бери жакшы тааныйм. Ал студент кезинен эле чоң саясатка аралаша турганын айтып келген. Максатына ырааттуу жетип келе жатат. Бүгүн, эртең менен Жанар Акаевдин бийлик партиясынан баш тартканын окуп калдым. Бул жакшы кабар. Ал өткөн жылдан бери Ош шаардык кеңешине ат салышууга өзүнүн пикирлештери менен даярданып жатат. Бул анын өз алдынча, “лидер” катары саясатта күч сыноосу болот.
Айтайын дегеним, убакыт келди. Дүйнөдө ири мамлекеттерде да, 35 жашка чейинки саясатчылар бийликке келип жатат. Жанар мырзанын аздыр-көптүр саясатта тажрыйбасы бар. Эл менен иштеше алат. Жаңы муундун өкүлү. Жаңы көз караштагы жетекчи болот деп ишенем. Өлкөнүн тагдырын колго ала турган учур келди. Эл эсирген эскилерден тажады. Алар Кыргызстанда аңга, жарга түртө турганын билдик, сездик. Ошон үчүн Жанар Акаев, Кундуз Жолдубаевага окшогон жаңы жүздөр өлкөнүн келечегин, тагдырын колго алышы керек. “Тажрыйбасы жок”-деп отура бербей табына келген тулпарларга ишеним артышыбыз зарыл!”,-деп жазган М.Айтикеев.

Эске сала кетсек, Мирбек Айтикеев былтыр, 7-8-августта Кой-Таштагы окуяларга катышкан. Ошондон кийин, анын кармалганы айтылган, бирок, ИИМ мындай маалыматты төгүндөп, азырынча суракка да чакырыла электигин айтышкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: