Бишкектин “Жаштар” (“Молодежный”) паркында мындай көкжылгаяк пайда болгонун “Шаар парктары” муниципалдык ишканасынын директору Калыйча Умуралиева 20-январда билдирди.
“Жылгаяк акысыз, шаардыктар келип муз тээп, эс алып кетишсе болот, конькиси жокторго ижарага бул жактан берилет. Ал расмий түрдө 17-декабрда эле ачылган. Көпчүлүк шаардыктар билбей атышат окшойт”, -дейт директор айым.
Музаянтты айланта жарыктандыруулар орнотулган. Парк Махатма Ганди (Жаш Гвардия) бульвары менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде жайгашкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ