Menu

Интерполдун мурдагы башчысы 2,1 млн доллар пара алгандыгы үчүн 13,5 жылга кесилди

Бөлүшүү:

Эл аралык кылмыш полиция уюмунун (Интерпол) мурдагы башчысы Мэн Хунвэй жалпы жонунан 2,1 млн доллар пара алгандыгы үчүн 13,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 21-январда “РБК” маалымат агенттиги билдирди.

Мындан тышкары Мэн Хунвэй 2 млн юань (290 миң доллардай) айып пул төлөөгө милдеттүү.

Соттун маалыматына ылайык, 2005-жылдан 2017-жылга чейин ал Кытайдын деңиз пролициясынын башчысы жана коомдук коопсуздук министринин орун басары катары пара алып, жеке тараптар менен ишканалардын мыйзам бузууларына көмөк көрсөтүп келген.

2018-жылы Интерполдун башчысы болуп туруп, эмгек өргүүсүнө чыгып, мекенине кетип, кайра кайтып келген эмес. Анын Лиондо (Франция) жашаган жубайы полицияга кайрылган. Көрсө, Кытай бийлиги Хунвэйди коррупция боюнча айыптап, камакка алып койгон. Ошентип ал Интерпол башчылыгынан кетүүгө аргасыз болгон.

Кытай бийлиги Мэн Хунвэйди коммунисттик партиянын катарынан чыгарып, бардык мамлекеттик кызматтардан кетиришкен. Былтыр апрелде Кытайдын Жогорку элдик прокуратурасы аны камакка алган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: