20 альбомдун ээси, 71 жаштагы америкалык ырчы, композитор Дэвид Олни сахнада ырдап жатып каза болду. Бул тууралуу чет мамлекеттик ММКлар жазып чыгышты.
Алардын маалыматына караганда, окуя Флорида штатындагы Санта-Роса-Бичте 18-январда болгон. Ал жерде Олнинин концерти өткөн, ал үчүнчү ырынын ортосуна келгенде, кечирим сурап, сулк жыгылган. Жүрөгү токтоп калган ырчыга тез жардам чакырылып, дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга аракет кылганы менен ал каза болуп калган. 3 күндөн бери күйөрмандары кайгырып, аза күтүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ