Menu

Билим берүү министрлиги: “Мыйзамсыз акча чогултуу боюнча окуучуларга, ата-энелерге директор же мугалим тарабынан моралдык-психологиялык басым көрсөтүлгөн факт аныкталса, ал кызматынан бошотулат!”

Бөлүшүү:

Биздин редакцияга кечээ, 21-январда Бишкектеги мектептердин ата-энелери (аттарын атагылары келген жок, “анонимдүү болсун, болбосо, балдарыбызды басынтышат”,-деп) кайрылып, мектептин мугалимдери “ата-энелер фондуна”,- деп өздөрү дайындап койгон ата-эне аркылуу акча сурап жатышканын билдирди. Мугалимдер былтыр, 1-сентябрдагы чогулушта ачык эле айтышкан: “Ата-энелердин акчасына муктажпыз”,-деп. “Ошондой эле алар дайыма эле тигиге, буга (мисалы, “терезеден суук кирет, балдарыңар үшүйт”,-деп акча сурашканда, аны чогултуп бердик. “Парталарын алмаштыруу керек”,-деди, аны чогултуп бердик. “Укмуш китеп” деп аны олчойгон акчага сатышты, сатып бердик. Же аны жыргатып окутушпайт. Англис тили мугалими өтө начар, балдарды начар окутат. Кыскасы, алардын акча эле сурай бергендеринен чарчап бүтүшкөнүн айтып, нааразы болушту. “Деги эле мектепке жылына канча акча бөлүнөт?”,- деп сурап жооп ала албай келебиз. Чогулткан акчанын да отчетун беришпейт. “Билим берүү министри Каныбек Исаковдун акча чогултпоо буйругун аткарышкан жок. Ушуну министрге жеткирип койсоңор”,- деп суранышты. Ата-энелердин суранычын аткаруу үчүн биз Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматына кайрылып, төмөндөгүдөй жооп алдык.    

Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдардын жетекчилерине, администрацияларына окуучулардан жана окуучулардын ата-энелеринен акча каражатын талап кылууга тыюу салган буйрукка 2019-жылдын 2-октябрында Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков кол койгон. Буйрукта маданий-массалык жана башка иш-чараларга да мыйзамсыз акча каражаттарын педагогдордун талап кылбоо керектиги жазылган. Мындан сырткары, камкорчулар кеңештеринин жана ата-энелер комитеттеринин каржы маселелерине педагогикалык жамааттын жана административдик кызматкерлердин катышуусуна тыюу салынат.

Ошондой эле, мыйзамсыз акча кажаттарын чогултууга жол бербөө максатында жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин, жетекчилеринин, окуучулардын ата-энелеринин жана аларды алмаштыруучу адамдардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мыйзамсыз акча чогултуудагы суроолор боюнча «ыкчам байланыш» телефон линияларын жана «ишеним үкөктөрүн» уюштуруу тапшырылган.

Бул буйруктун аткаралышын жалпы билим берүү уюмдарынын ар бир педагогуна жекече кол койдуруу менен жеткирилүүгө тийиш.

Эгерде жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери же педагогдору тарабынан мыйзамсыз каражат топтоо окуучуларга же алардын ата-энелерине моралдык-психологиялык басым көрсөтүлгөн факт аныкталса, тартипти жана чараларды көрүү менен кызмат орундарынан бошотуу жазасы колдонулат”,- деп жазылат Билим берүү жана илим министрлигин басма сөз кызматынын маалыматында.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: