Menu

Видео – Мүсүркул Кабылбеков, саясат таанучу: “Чоочун оюндун куурчагына айландык”

Бөлүшүү:

Кызыктай эле абал түзүлдү. Эгерде 25-ноябрь менен 18-декабрдагы митингге чыккандардын социалдык курамын карасак, негизинен шаар интеллигенциясы, жаштар, батыштын баалуулуктарынан баар тапкандар экенин байкайбыз.  Алар Бажы биримдигине, ЕАЭБге кирүүгө каршы чыгышканда, аларды көпчүлүк колдоп берген, арасында мен да бар элем…

Бирок кырдаалга май тамызып, чабуул жасагандар батышчыл ММКлар болуп келди, анткени “Клооп” менен “Азаттык”, албетте, – батыштын көзүн карап, сөзүн сүйлөгөн массалык маалымат каржаттары. Бул жерден бир кызык жагдай чыгып жатат. Ошондуктан, эгерде митингдердин артында Батыш турат деп айыптасак – анда эмнеге Раим Матраимовго каршы чыгып жатышат? Эгерде артында Орусия турат десек, анда эмнеге батышчыл ММКларды пайдаланып жатышат?

Менимче, бардыгыбыз, чабуул жасаган массалык маалымат каражаттары да, чоочун бирөөлөрдүн оюнундагы куурчактары болуп калыппыз. Бул абдан кызык кырдаал, мындай эң кызыктуу жашынмак ойногон версиялардын далайын ойлоп тапса болот. Бирок бул оюндун артында абдан даярдыгы бар, мүмкүнчүлүгү кенен, таасирри күч бирөөлөр туурганы айкын болуп калды, алар бул оюнду башкарып келет.

Ошондуктан, буга мурунку бийликтин катыштыгы бар экенин да чийип салбайлы, анткени бул “согушту” өз уычурунда Атамбаев баштаган, Раимге каршы сөзүн да колдоп кетишти, анан анын тарапташтары, дале болсо сакталып калган анын кандайдыр бир финансы булактары азыркы абалга каскак болуп жатканын четке кагууга болбойт”.

Кыргызчалаган KyrgyzToday.kg

Булак: 5 канал

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: