Соңку күндөрү WhatsApp мессенжери аркылуу Эркин-Сай айылынан 8 жаштагы эки кызды бирөөлөр кара жолтандабаска салып, белгисиз тарапка алып кетишкени жөнүндө аудио-кабар таратылып жаткан. Бул тууралуу 22-январда Чүй облусунун ИИБиси билдирди.
Ал жөнүндө маалымат милицияга жетип, дароо текшере башташкан.
“Айылдын балдары өз ордуларында, маалымат жалган болуп чыкты. Милиция кызматкерлери айылдагы ар бир үйдү кыдырып, сураштырып, ыкчам тергөө иш-чаралары көрүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта. Бул кабарды тараткандардын үстүнөн да текшерүү башталды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ