Menu

Марат Тагаев, журналист: “Кытай кыргызга жакшылык каалабайт экен”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-январда журналист Марат Тагаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына кыргыз коомчулугунун Кытайга болгон мамилелери тууралуу төмөндөгүдөй жарымы чын, жарымы какшык пост калтырды:

“Бишкек-Торугарт жолу тешилип, жүргөнгө мүмкүн болбой калганда кыргыз түз жолдо жүрсүн деп карызга акча берип жол салып берди. Жакшылык кааласа муну кылбайт эле. Бишкектен чыксаң Ат-Башыга 10 саатта өпкө-бооруң эзилип жеткен кез керемет эле го.

Бишкектин жолу тешилип, оңдойлу десек акча жок, оңдобой эле коёлу десек жүргөнгө мүмкүн болбой, машинанын ходовкаларын улам-улам оңдоп калганда бекер акча берип 100 кмден ашык жолдор оңолду. Ит жээр бит жээр кытай кыргызга жакшылык кааласа жөн эле койбойбу, тешик жолдо жүрө берет элек.

Союздан калган энергетикалык-шакекче деген айланы кетирип, Токтогулдан чыккан электр-энергия Бишкекке жетпей өзбек-казак эзип жатканда карызга акча берип Датка-Кеминди эмнеге салып берет десең?

Ар 5 жыл сайын суу тартылып, Токтогулга суу толбой, электрди керектөө эки эсе өсүп турганда Бишкек ТЭЦти модернизациялоого, кубаттуулугун арттырууга эмнеге карызга акча берет? Жаман ою болгон соң жөн койсо жарыгы жок калганда жалдырап барат элек да.

Бишкек – Ош жолу көчкү түшсө жабылып, бир туннель өлкө тагдырын чечип калган чакта түндүгү менен түштүгүн бириктирген, эл ынтымагын бекемдеген жолго эмнеге акча берет.

Ош, Жалал-Абад, Баткендеги эскирген электр системасын жаңылоого эмнеге акча берет дейм да. Арам ою болгон соң жөн койсо 4-5 жылда баары жарактан чыгып өлкөнүн жарымы жарыксыз калмак. Ошондо басып албайт беле?

Эгемендүү Кыргызстан ар жолу ШОСту өткөргөндө акчасынан баштап компьютерине чейин, Президенттерди тоскон имарат, филармониядан баштап тосуп алчу машиналарга чейин эмнеге бекер оңдоп, алып келип берет десең. Бербей койсо Кыргызстан өткөрө албай уят болуп, эгемендүүлүгүнө доо кетип, басып алганга ыңгайлуу болмок го?

Кытай, АКШ дегендер негизи кызык эле калк экен. Жек көрүп, болгон жамандыкты ошолордон көрүп жатса жолун оңдоп, билим берип, элин агартып, энергетикалык көз карандысыздыкка жеткирип.”

Марат Тагаев, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: