Menu

Өмүрбек Текебаев: “Акаев, Бакиевдин заманында да депутаттар көрбөй туруп кол койчу эмес эле”

Бөлүшүү:

Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште даярдалып жатканы кабарланды. Баш мыйзамды өзгөртүү аракеттери, референдум демилгеси тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен маек курдук.

– Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө кандай көз караштасыз?

– Эми идеалдуу документ болбойт. Дүйнөдө, региондо, өлкөдө кырдаал өзгөрүп турат. Ошого жараша биздин эле эмес Американын конституциясына деле тогуз-он жылда бирден өзгөрүүлөр, толуктоолор кирип турат экен. Мен теоретикалык жактан андай мүмкүнчүлүктү жокко чыгарбайм.

Элдин конституцияга өзгөртүү киргизгенге толук укугу бар. Бирок, азыр конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору жөнүндө сөз жүрүп жатат. Ал мыйзам долбоорунун иштелип чыгышына мен эле эмес, депутаттардын көпчүлүгү катышкан жок. Кээ бир партиялардын депутаттары лидерлер айтканынан кол коюп бердик деп жатышат. Мыйзамдын долбоорун көрдүнөрбү десем, жок көргөнүбүз жок дешет. Бирок кол коюп койдук деп айтып отурушат.

Мен депутат коллегаларга кайрылат элем, өзүбүздү сыйлабасак дагы, элди сыйлашыбыз керек. Бизге ишенип, тагдырыбызды чечип беришет дегенден кийин Конституцияга өзгөртүүнү көрбөстөн туруп кол коюп берген бул жоопкерчиликсиздикке жатат.

Эми мен бир аз тажрыйбасы бар депутат катары айтып коёюн, Акаевдин дагы, Бакиевдин дагы учурунда бир түндө жазылган проектини көрбөй туруп эч бир депутат кол коюп берчү эмес. Биз өзүбүз сындап жүргөн тоталитардык дейбизби, авторитардык дейбизби, замандагы депуттардай көз каранды болбошубуз керек. Мен ушул силер аркылуу коллегаларга кайрылат элем, кол коёрдон мурун эмне өзгөрүү кирип жатат, кандай тарыхый зарылдык бар, ошол жактарын дагы кароо керек.

– Сиз айтып калдыӊыз, мен катышкан жокмун , ошол эле учурда коллегаларым дагы көрбөптүр деп, демек бул кайсыл бир саясий топтун же тар чөйрөнүн эле иши болдубу?

 Мен аны билбейм. Зарылдык бар же жок деп айтыш кыйын. Мен болгону процедуралык жагын айтып жатам.

– Эгерде референдумга чыга турган болсо, бул иш алдыдагы президенттик шайлоого кандайдыр бир таасир этиши мүмкүнбү?

– Мен аны текстти көрбөгөндөн кийин эч нерсе деп айта албайм. Тексти жарыялансын анан текст боюнча өз оюбузду айтабыз.

Булак: “Би-Би-Си”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: