Бакиевдер бийликтен кара дубанын күчү менен кеткенин, Ислам Каримовдун каза болоорун, Нариман Түлеевдин түрмөдөн чыгарын айткан, төлгөсү төп келген төлгөчү, көзү ачык Света Тойгонбаева менен баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.
Мелис Турганбаев үч адамдын соккусунан кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Азыр эмнегедир кыжаалат болуп, бир нерседен чочулап турат. Иш боюнча эки адам менен сүйлөшүп жатат. Ыңгайы келсе күч органдарына жетекчи болуп келсем деген ниети бар. Бирок эки ай аралыгында кылмыш иши козголуп, жаманатты болуп жалаа жабылышы мүмкүн. Бул адам кан чыгарып элден бата албаса кыйын кырдаалга кептелет. Эгер жолун ачтырып, тазаланса аны жок кылабыз дегендердин көзүн күйгүзүп дагы бир кызматтын башына келип калышы мүмкүн.
Булак: “Асман+”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ