Өлкөдө жасалма дем алдыруу аппараттары жетиштүү. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында билдирди.
“Азыркы күндө жасалма жасалма дем алдыруу аппараттары жетиштүү. Тактап айтканда 625 аппарат бар. Бул аппарат эгер адам абдан оор абалда болгондо колдонулат”, – деди Акматова.
Ошондой эле, дүкөндөрдөгү сатуучулар тазалыкты катуу сактоосу керектигин кошумалады.
“Сатуучулардын антисептикалык каражаттар менен камсыз кылуусун көзөмөлдөп турууга санитардык эрежелер берилген. Бул үчүн ар бир аймакта санитардык-эпидемиологиялык борборлордүн кызматкерлери иштөөдө. Ага карабастан акча менен иштөөдө ошол эрежелер сакталып жатабы? Муну ар бир адам байкашы керек. Ал эми санитардык-эпидемиологиялык борбордун кызматкерлери колдон келишинче жардамдарын берүүдө”, – дейт Айнура Акматова.
Учурда Кыргызстан боюнча 14 жаран коронавирус илдети менен жабыркап жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ