Menu

Төңкөрүш кылуу “разминкасы”

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбековдун президент болгонуна жарым жылдан ашты. Бул убакытка чейин Алмазбек Атамбаев менен тирешүүсү уланып келди. Тыкыр байкоо салып атабыз. «Жарк» эткен ишмердигин күтүп, үмүтүбүз өчө элек. Ал эми эртең күз, кыш келет. Өнтөлөгөн өкмөтү ишенимди актап, элдин жүгүн тартып кетүүсүнө шек жаралууда. (Албетте, бул жагын өзүнчө дагы кенен сөз кылабыз.

Саясый каршылаштар боюнча алсак, орозо айы бүгкөндөн кийин Сокеге маалыматтык чабуулдар күчөп, күзгө карай коомдук кырдаал кризиске барып калышы мүмкүн. Оппозициялык маанайды бетке кармашып, элдин агымын буруп кете турган күчтөр өтө көп. Мисалы, Атамбаевдин убагында саясый туткун болгондор, ошол эле Өмүрбек Текебаев, Канатбек Исаев, Садыр Жапаров, Бекболот Талгарбеков, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнис Карыбеков, Мелис Аспеков ж.б. ондогон адамдардын тагдыры адилеттикте чечилбей атканы, соттордун жана укук коргоо органдарынын тескери иштешкени бийликке сокку болот да, туурабы? Бул топко бозгунда жүрүшкөн Өмүрбек Бабанов, Мелис Мырзакматов да кошулат. Ошого катар Жээнбековдон кызмат күтүп атышкан саясый элитадагы калың катмар да нааразычылыгын жашыра алышпай, каршылашууга өтүшөт. Мындай шартта, албетте, Атамбаевдин чырагына май тамат. Кадыры сынса даты миллиондорду басып жатат эмеспи.

Ошентип, таарынгандардын, көралбастардын катмары калыңдоо менен түндүк-түштүк оюнун пайдаланышса кантебиз? Бир жагынан парламенттин, өкмөттүн да акыбалын көрүп атабыз, элге жек көрүндү болуп отурушат. Жаза тайып кырдаал курчуса, бийликке арка-бел боло турган азаматтардын кудурети жетеби? Деги андай мыктылар барбы, болсо кимдер? Кептин баары ушунда. Эмесе, күзгө карай президент Жээнбеков тылын бекемдеп, эң башкысы, камактагы саясый туткундарга кечирим берип, түрмөдөн бошоттуруп, анан бийлик бутактарына эл ичинде кадыр-баркы бар кадрларды тартуусу зарыл. («Сен акаевчи, бакиевчи, атамбаевчи, бабановчу» дегендин кереги жок, белдүү болсо таяныч кыл.) Эгерде чечкиндүү кадамдарды бүгүнтөн баштап жасабаса, көпчүлүк көчөгө чыкканда кеч болуп калышы ыктымал. Учурда кылдан кыйкым издеген саясатчылар күндө кеңешмелерди өткөрүшүп, төңкөрүш жасоонун «разминкасын» кылып атышкандары жалганбы? Ала-Too аянтындагы ачуу айкырыктардан Кудай сактасын! «Күздө баштап ийсек, балким жазда ишке ашырабыз…» дегендерин угуп атасыңарбы? Эң оболу, бизге татыктуу жашоо жана тынчтык керек, ошон үчүн алдын ала коңгуроо кагып аткандагы кербезибиз.

Тайлак Назымов

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: