Menu

Туз айылында мүрзөнүн үстүнө курулган мектептен окуучулар эстерин жоготуп жыгылышууда

Бөлүшүү:

Кочкор районунун Туз айылындагы орто мектептин имараты текшерилүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айылдын тургундары билдиришкен.

Белгилүү болгондой, Туз айылындагы орто мектеп 2007-жылы чет өлкөлүк долбоордун эсебинен курулган.
«Окуучулардын баштары ооруп, эстерин жоготуп жыгылып калган учурлар болгон. Мектеп эски мүрзөлөрдүн үстүнө курулгандыктан куран да окутулган. Бирок окуя кайталанып, жыйырмага чукул окуучу баштары ооруп, ооруканага кайрылышкан», – деп билдиришти тургундар.

Мектептин жетекчилиги имаратта кооптонуунун себеби жоктугун айтышууда. Ал эми райондун акими Нурлан Керимкулов мектептин имаратына атайын текшерүү жүргүзүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылуу жолдогон. Анын натыйжасында мектептин зыяндуулугун текшерүү үчүн комиссия келип, дубалдын ортосундагы пена алынып, текшерүүгө жөнөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: