Menu

АША эми “Форумга” да келе албай калдыбы?

Бөлүшүү:

13-июнда Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын эки күндүк ишмердүүлүгүндө Атамбаев алты жыл ичинде мамлекетке кандай зыяндарды алып келгени калкып чыкты. Бул зыяндар комиссиянын корутундусуз эле коомчулукка маалым болчу, бирок экс-президенттин ашепке кеткен жоруктарын токтотууга, жоопкерчиликке тартууга парламент киришпесе жыйынтык да болмок эмес.

Комиссиянын ишинин натыйжасында, экс-президентке жабылган айыптар тогуздан алтыга чейин кыскартылды. Алар: Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу эреже бузуулар, Тарых музейин оңдоодогу коррупция, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, ЖЭБге көмүр жеткирүүдөгү катыштыгы, Кой-Таш айылындагы жер тилкеси боюнча маселе жана Ысык- Көл облусундагы 4,6 гектар жердин “Фрунзе Резортко” мыйзамсыз берилиши жана жер тилкелеринин биринин өз кызыкчылыгына пайдалануусу.

18-июнда комиссиянын корутундусу парламенттин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүм, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде каралып, соңунда комитет экс-президенттин кол тийбестигин алуу аракеттерине макулдугун билдирди. Ошону менен Атамбаевдин өзгөчө макамынан ажырашына саналуу гана кадамдар калды.

Бул КСДПнын экс-президентке караштуу бөлүгүндөгүлөрдү буту күйгөн тооктой чурката баштады. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева так ушул маселе боюнча Атамбаев маалымат жыйын берээрин жарыялады. Бирок, жыйынга барган журналисттер экс-президенттин караанын көрө алышкан жок. Анын ордуна туруктуу тарапташтары жана табакташтары Ирина Карамушкина, Фарид Ниязов, Асель Кодурановалар эскирген актанууларын кайталашып, депутаттардын бул кадамын жеке таарынычка, жек көрүүгө байлашып, Атамбаевди сүттөн ак көрсөтүүгө аракеттеништи.

Ал жерде “жок, андай эмес мындай” деген так далилдүү маалыматтар айтылбады. “Атамбаев өткөрөт” деген маалымат жыйында эмнеге экс-президент өзү келбей, башкаларды айдактап койгонун да түшүндүрүшпөдү. Кыскасы, курулай убакыт коротушуп, буга чейин миң ирет кайталанган “саясий куугунтук” кыязындагы билдирүүлөрүн жар салышып, акырында Атамбаев такыр сынбай турганын, убакыт баарын өз ордуна коерун белгилешти.

Депутат Асель Кодуранова парламенттештери аз убакыттын ичинде маанилүү маселеге чекит коюуга шашып жатышканына нааразыланды. Айтымында, спикерге кайсы депутаттар кайрылуу жасашканы белгисиз, документтин аягына кимдер кол койгону да айтылбаган. Профилдик комитетке документти көрсөтүүлөрүн өтүнүп кат жолдогон, бирок ушул убакка чейин жооп болбоду. Кол тийбестикти алуу демилгесинде мыйзам бузуулар абдан көп, алардын бири: депутаттар каникулга чыкканга чейин эле бул маселени чечип коюуга аракеттенишүүдө. А негизи, мыйзам боюнча мындай маселеге чекит койгонго эки жарым ай керектелет.

Баарынан да депутат айымдын бир сөзү таң калтырбай койгон жок. Ал Атамбаевге касын тиккендерге кекенип, убакыт баарын өз ордуна коерун белгиледи. “Бул жашоо бумеранг. Кылган иштериңдин баары өзүңө кайтып келет. Убакыт көрсөтөт, качандыр бир азыркы президенттин да башына ушундай күн түшөт. Ошондо азыр жанында жүргөн адамдары душманга айланышат”,- деди.

Жашоо бумеранг экени туура, бирок бул сөздүн чындыгы Атамбаевдин азыркы абалынан таасын көрүнүп жатканын депутат айым байкабагандай. Бийлигине чалчактап жүргөн маалда өмүрү тактыдан түшпөй калчудай, мыйзамды тоготуп да койбой, жеке таарыныч сактаган адамдарын чекесинен темир тор артына кетиргенин, кылмыш иштерин жасоо жагынан алдына адам салбаганын өзү жана санаалаштары унутса да, эл унута элек. Мына ошолордун кайтарымы көп күттүрбөй келип отурат. Ошондуктан, ксдпчылар башка бирөөнү “мен көргөн күндү сен да көр” дегенчелик кылып, кекенбей, кылган иштерин талдап, кетирген кемчиликтерин оңдоого кам урушса болмок.

Ирина Карамушкина да ушул сыяктуу эле кептерди айтты. Эки ооз сөзүнөн кийин эле анын көз карашы менен караганда, Атамбаевге байланышкан азыркы болуп жаткан иштердин баарына азыркы бийлик күнөөлүү экени белгилүү болду. Мыйзамдан такыр аттабаган, мамлекетти көтөрүп, жарты тыйын уурдабаган экс-президент бар баштанып, жөн жерден эле ага жомок токуп, кол тийбестигинен ажыратып жатышкандай чыйпылыктады. Карамушкина илгертен эле Атамбаевге “сиздин таманыңызга кирген тикен менин карегиме кирсин” дегендерден, ошондуктан анын мындай пикирине таң калуу деле жаралбады.

Ал эми Фарид Ниязов экс-президентке тагылган айыптарды жалган жалаа катары сыпаттады. Атамбаев эч качан майтарылбай турганын, мыйзамдуу чекте күрөшөөрүн билдирди. Анан да депутаттык комиссиянын курамына кирген депутаттар бир өңчөй Атамбаевге жеке таарыныч кармагандар экенин айтып, таарынычы барлар таарынткан тарапка кандай жалаа болбосун чаптай беришет дегендей кылды. Экс-президенттердин, дегеле саясатчылардын ичинен эң кекчил, таарынычын эзели унутпаган жалгыз Атамбаев экени белгилүү. Ар бир адам башканы өзүндөй ойлойт дегендей, коомчулук буга дейре көрүп-билип, эми гана парламент тарабынан конкреттештирилип, жыйынтык чыгарууга камдалып жаткан айыптоолор булар үчүн жөн гана кимдир бирөөнүн жеке таарынычынан чыккан өч алуу экен.

Журналисттерди Атамбаев өткөрчү жыйынга эмнеге башкы каарман келбегени кызыктырды. Кундуз Жолдубаева экс-президенттин Бишкекте экенин, башка жакка кетүү ниети жоктугун айтты. Бирок, Бишкекте туруп, өзүнүн кызыкчылыгындагы маалымат жыйынга басып келбегени кызык болду. Же, кылган-эткендери калкып чыга баштаганга катуу уялып калдыбы? Анан калса депутаттык комиссиянын жыйынына да барбай турган маалым болгонсуду. Тарапташтары эгер мамлекеттик протоколго ылайык чакыруу келсе, айыптоолордун ар бир пунктуна жооп кайтараарын айтышты, бирок жыйынга барат, же барбайт деген так жооп болбоду. Кыязы, анда да так ушинтип Атамбаев жыйын өткөрөт деп жар салынып, анан эки-үч табакташтары актап-жактап коюшат окшойт.

Динара Рысбаева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: