29-апрелде УКМК «Бишкек башкы архитектура» бөлүм башчысы 1973-жылы туулган Марат Күреңкеев 1,500 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды. Такталган маалымат боюнча, кармалган адам Арча-Бешик жаңы конушунун жер участокторунун курулушуна уруксат берүү документтеринин жоктугун билип, тургундарды коркутуу менен 10 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган. Анын 2000 миң долларын 2018-жылдын аягында алган. Бул адам 2011-жылы да эркекке эмес, аялга “чоң муштумдук” кылып, кылмыш жообуна тартылган экен. Бирок бат эле акчанын күчү менен бошонуп кеткен»
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ