Menu

Динаранын базары токтобойт

Бөлүшүү:

Эки чакырылышта депутаттык мандатка ээ болгон Динара Исаева деген бай айым бар. Анын үнүн уккан, кайсыл бир маселеге аралашканын бир да жолу көрбөгөндөр толуп жатат. Бирок, парламентте отурганын жакшы билип калышты.
Анткени тогуз жылдан бери карай Динаранын орду муздай элек да. Бир жагынан карасаң эч кимге деле залакасы тийгендей болгон жок. Тим гана келип отуруп кетет чиркин.

Ошентсе да Карабалталыктар аны дайыма күтүп калышат экен. Барган сайын жөн келбей жардамын берип, бечараларга колдоо көрсөтүп турарын угуп калабыз. Башкаларга окшоп өзүн пиар кылбаганы жакты баарынан да. Мыйзам жазбаса да жок дегенде шайлоочуларынан кабар алып турганы дурус эмеспи. Кээ бир депутаттар шайланган соң таптакыр барышпайт айылга. Анан эле шайлоо жакындаганда тызылдап чуркап калышат. Чамасы бул жолу да Исаевага түз көз карашта болгон партиялар чакырбай коюшпастыр катарга кошул деп. Акчасы бар депутат сүйкүмдүү болорун кантип танабыз? Демек, Динаранын базары токтобойт деп айтсак жаңылбастырбыз…

Булак: «Ачык сөз»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: