Menu

Видео – Сагынбек Абдырахманов, КСДПнын лидери: “КСДПнын депутаттары Шыкмаматовдой болуп мандаттарын тапшырып, “Биримдигине” кете берсин”

Бөлүшүү:

КСДПнын лидери Сагынбек Абдырахманов менен кенен маек курдук. Анда партиясынын тагдыры, парламенттеги КСДП фракциясындагы депутаттарынын кыймыл-аракети, кадамы жана саясат, парламент, алтын кени, мурунку, азыркы президент тууралуу баарлаштык, ал баарын ачык эле айтып берди. Анын ар бирин өз-өзүнчө берип жатабыз. Буга чейин ал Сооронбай Жээнбеков жана ЖК депутаттары: Иса Өмүркулов, Айнуру Алтыбаева, Аида Касымалиева, Марат Аманкулов жөнүндө айтып берген. Партиясынын тагдыры учурда кандай абалда турганын айтып берди. “Биз, 21-январда биринчи жолу партиянын жалпы республикалык конференциясын, орусча айтканда, мини съезд өткөрдүк. КСДП: кечээ, бүгүн, эртең» деп аталышы эле айтып турат, кечээ эмне болду, бүгүн кандай болууда жана эртең кандай болот? Кечээгин көрдүңөр. Бүгүн болсо партия тазалануу, жаңылануу жолунда. Парламентте отурган депутаттарды кыймыл-аракетин көрүп жатасыңар. Мына ошондой адамдардан биз партияны тазалап жатабыз. Аймактардагы партиянын мүчөлөрү конференцияга келип, ушуну айтып, тазалануу талапты катуу коюшту. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматовдой болуп мандаттарын тапшырып, “Биримдигине” кете берсин“,-дейт С.Абдырахманов. Аны  төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Эске сала кетсек, Сагынбек Абдырахманов КСДПнын төрагасы катары былтыр, 18-апрелде Юстиция министрлигине каттаткан жана партиянын дарегин өзгөрткөн. Аталган партияны өзүнө каттата электе жаңылануу, тазалоону ниетте «Атамбаевсиз КСДП» (Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда) кыймылын түзүп, аны жетектеп, аймактарды кыдырган. Быйыл, 21-январда «КСДП: кечээ, бүгүн, эртең» аталышта жалпы республикалык конференция өткөргөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: