Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу ишине кошкон олуттуу салымы үчүн, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө негизденип, Болотбек Турарович Суюмбаевге “генерал-майор” аскердик наамы берилди. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарялады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ