Алматынын полициясы көчөлөрдүн биринде болгон эки топтун чатагын териштирип жатат. Бул тууралуу 23-январда zakon.kz порталы билдирди.
Кытай жаштары көчөгө чыгышып, кыдырата тизилип, кызыл ажыдаардын элесин баштарына кийип келатышканда, буга нааразы болгон алматалыктар ажыдаарды алып салууну талап кылышып, жакалашканга чейин барышкан.
Тирешүү Жамбыл менен Масанчи көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Бир аял: “Мен өз жеримде жашап жатам. Мага кытайлардын маданиятын таңуулабагыла”, – деп кыйкырган.
Негизи эле соңку учурда КМШ өлкөлөрүндө кытай жарандарын жек көрүү илдети кеңири тарап келет. Бул боюнча атүгүл Кытай өкмөтү абалды жакшыртуу үчүн атайын иш-чараларды өткөрүү маселесин карап, башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Видео:
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ