Menu

Салык кызматы Рыскелди Момбековдун билдирүүсүнө жооп кайтарды

Бөлүшүү:

Салык кызматы депутат Рыскелди Момбековдун кечеки ЖКнын отурумунда “Салык кызматы иш жүзүндө планды 4 млрд 739 млн сомго аткарган эмес” деп айтан сөзү чындыкка дал келбестигин билдирет.

Салык кызматынын маалыматы боюнча, мыйзам боюнча 2019-жылы мамлекеттик бюджетке 83 млрд 978,7 млн сом чогултушу керек болчу. Алар 2019-жылы 83 млрд 989,5 млн сом жыйнашкан.

“Белгиленген план 100 %га аткарылган же 10,8 млн сомго ашыкча жыйналган. 2018-жылга салыштырмалуу салыктардын түшүүсү 4 млрд 405,6 млн сомго көбөйгөн” – деп айтылат билдирүүдө.

Салык кызматы депутат Р.Момбековдун “Мамлекеттик салык кызматы Айеркен Саймаитинин каражаттары тууралуу маалыматты ушул күнгө чейин жашырып келген” деген билдирүүсү да чындыкка дал келбестигин билдирет.

“А.Саймаитинин иши боюнча салык кызматы өзүнүн ыйгарым укуктарына ылайык зарыл болгон иш-чараларды жүзөгө ашырды. Тиешелүү иштерди ыйгарым укуктуу органдар жүргүзөт, ошондой эле убактылуу депутаттык комиссия иштейт. Ушуга байланыштуу, Салык кызматы Саймаитиге тийиштүү салыктык төлөмдөргө жана фирманын текшерүүлөрүнө карата кыйла кеңири маалыматты салык мыйзамдарынын ченемдеринин алкагында убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнө бере алат” – деп айтылат билдирүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ күнү Жогорку Кеңштин кезектеги жыйынында депутат Рыскелди Момбеков салык кызматынын ишмердүүлүгүн сындап, салык чогулта албаган жетекчилерге чара көрүлүшүн талап кылган.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: