Ош облусунун Өзгөн районунда 23 жаштагы келин өз ымыркайын сатууга аракет кылганын Ош ОИИБиси 24-январда билдирди.
Ымыркай 2020-жылдын 17-январында Өзгөн районундагы төрөт үйлөрдүн биринде туулган. Үч күн болду дегенде энеси жакын тууганы менен биргеликте баланы сатууну чечишкен. Сатуучу болуп милиция кызматкерлери келип, келинди дароо колго түшүрүштү.
Ош шаардык соту тарабынан жакын тууганы 21-мартка чейин камакка киргизилип, ал эми жаш эне баласы менен үй камагына алынды.
Белгилүү болгондой, бул келиндин экинчи ымыркайы экен, күйөөсү менен ажырашып, жаңы төрөлгөн ымыркайдын атасы ким экени белгисиз.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ