Menu

Сооронбай Жээнбеков: “Колуңардан келбесе, арыз жазып, кызматыңардан кетип, орун бошоткула!”

Бөлүшүү:

Укук коргоо органдарынын жетекчилери коррупцияга каршы күрөштө алдына коюлган маселелерди толук көлөмдө аткара албай жатышат. Бул тууралуу 24-январда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Өлкө башчысы коррупцияга каршы күрөштү жарандык оом колдоп жатса да, аткаруу бийлигинде чечкиндүү иш-чаралар байкалбаганын белгиледи.

“Маморгандарды  коррупциядан тазалоо жетиштүү деңгээлде жүрбөй жатат. Реформа жөнүндө айтып коюу оңой, аны жүзөгө ашыруу, айткан сөзгө туруу – өтө оор. Эрки, уяты, ар-намысы, баласынын келечегин ойлогон гана киши аны жасай алат”, – деди президент.

Мындан тышкары С.Жээнбеков маморгандардын жетекчилерин күнөөлөп, өз мекемелериндеги коррупцияга каршы күрөшкө олуттуу карабай жатышкандарын айта өттү.

“Биз укук коргоо жана мамлекеттик органдардагы мыйзамсыз схемалар, коррупция, паракордук, көмүскө системалар жөнүндө угуп-көрүп келебиз. Алар жөнүндө эч ким билбейт деп ойлойсуңарбы? Алар жөнүндө элдин бардыгы билет. Ушундан улам бүтүндөй мамлекеттик бийликтин кадыр-баркына доо кетип жатат. Бул министрликтер менен мекемелердеги жетекчилердин коррупцияга каршы күрөшүүдө кайдыгер мамиле кылганыңардан улам келип чыгып жатат”, – деди президент.

Мамлекет башчысы коррупцияга каршы күрөш укук коргоо органдарында дагы жүрүп, ал эми маморгандардын башчылары таза болушу керектигин баса белгиледи.

“Эгерде колуңардан келбесе, арыз жазып, кызматыңардан кетип, орун бошоткула! Ошол орунга тырмышып кармап алдыңар…” – деп президент кошумчалады.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: