Menu

Видео – Сагынбек Абдырахманов, КСДП лидери: “Илмиянов камалганда эл кол чаап кубанса, мен Зилалиев камалганда сүйүнгөм. Себеби…”

Бөлүшүү:

КСДПнын лидери Сагынбек Абдырахманов менен кенен маек курдук. Анда партиясынын тагдыры, парламенттеги КСДП фракциясындагы депутаттарынын кыймыл-аракети, кадамы жана саясат, парламент, алтын кени, чек ара, мурунку, азыркы президент тууралуу баарлаштык, ал баарын ачык эле айтып, аттарын атап берди. Анын ар бирин өз-өзүнчө берип жатабыз. Буга чейин Сооронбай Жээнбеков жана ЖК депутаттары: Иса Өмүркулов, Айнуру Алтыбаева, Аида Касымалиева, Марат Аманкулов жана партиясы, Өмүрбек Текебаев, Карамушкина, Кодуранова, Турдукулов, Асылбек Жээнбеков, Темир Сариев жөнүндө айтып берген.

Атамбаевдин “кол балдары” Сапар Исаков, Дүйшөнбек Зилалиев жана айтылуу шоопуру Икрам Илмиянов тууралуу сурасак, ал Илмияновду кармаганда Ысык-Көлдө болгонун, элге айтса, алар кубанып, тура калып кол чапканын айтты. “Илмияновдун кармалганына кубанып эл кол чапса, мен таң калгам. Мен Зилалиевди кармаганда кубандым. Себеби, ал Атамбаевдин ишенген кадры болчу. “Эмнеге милиционерди алып келдиң?”,-деп Атамбаевден сурасам, ал: “Зилалиев милиционер, ал силерди тартипке салып, ууруларды силерге көрсөтөт”,- деген. Мына, мактаган кадрын көрдүк. Зилалиевдин алтын боюнча 5 лиценциясы бар экен, кийин 17 лицензиясы чыкты. Ошол учурда ушуларга унчукпай отурган парламент дагы жоопкерчиликтүү“,- дейт С. Абдырахманов.

С.Абдырахмановдун айткандарын толугу менен төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Эске сала кетсек, Сагынбек Абдырахманов КСДПнын төрагасы катары былтыр, 18-апрелде Юстиция министрлигине каттаткан жана партиянын дарегин өзгөрткөн. Аталган партияны өзүнө каттата электе жаңылануу, тазалоону ниетте «Атамбаевсиз КСДП» (Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда) кыймылын түзүп, аны жетектеп, аймактарды кыдырган. Быйыл, 21-январда «КСДП: кечээ, бүгүн, эртең» аталышта жалпы республикалык конференция өткөргөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: