Menu

Челябинск облусундагы 3 кыргызстандык каза болгон жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

22-январь күнү Орусиянын Челябинск-Троицк трассасынын 117 чакырымында жол кырсыгы болуп, анда 5 адам каза болгон. Бул кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 24-январь күнү билдирди.

«КАМАЗ 5220» жана «Хонда-Стрим» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, жеңил автоунаадагы жүргүнчүлөр ошол жерден каза болгон. КРнын ТИМнин берген маалыматы боюнча каза болгондордун 3 кыргызстандык болгон.

«Хонда-Стрим» унаасында 1976-ж.т. И.Н., 1993-ж.т. Ю.М. жана 1970-ж.т. С.Х. аттуу айдоочу кыргыз жараны болгон. Ал эми каза болгон 2 жүргүнчү Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары болгон.

«КАМАЗ 5220» унаасында Казакстандын 2 жараны бара жаткан. Экөө тең ооруканага жатуудан баш тартышкан.

Азыркы учурда Россия ИИМнин Челябинск облусу боюнча аймактык тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду.

Жол кырсыгынын себептери такталууда.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: