Чүй облусундагы Сокулук районунундагы аймактык ооруканада эки дарыгер мушташты. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 27-январда билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, окуя 25-январда Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы аймактык ооруканада болгон. Эки дарыгердин мушташы тууралуу эртең мененки саат 10:00 чамасында милицияга маалымат келип түшкөн. Аймактык ооруканага милиция барып териштиргенде, эки дарыгердин ортосунда чыр чыгып, ал мушташка айланып, бири экинчисин сабаган. Бул факт катталып, тергөө иштери башталган. Анын алкагында оорукананын жамааты суракка алынган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ