Menu

60,70 жаштагы жулкулдашкан дарыгерлердин окуясынын чоо-жайы айтылды

Бөлүшүү:

Чүй облусундагы Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында эки дарыгердин мушташынын чоо-жайы айтылганы тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы бүгүн, 28-январда билдирди.

Алардын маалыматына караганда, 25-январда, саат 10:00 чамасында, аймактык ооруканада дарыгерлердин мушташы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул факт катталып, тергөө иштери башталып, оорукананын жамааты суракка алынган.

Оорукананын башкы дарыгери Шукрат Тажибаев суракка алынганда, ал окуянын чоо-жайын айтып берген. Анын айтымында, дарыгерлер пенсия курактагы айымдар, бири 70, экинчиси 60 жашта. Экөөнүн чыры кресло талашуудан чыккан. Ар бир дарыгердин иш бөлмөлөрүнө кресло коюлган. 70 жаштагы айым 60 жаштагы айымдын жоктугунан пайдаланып, креслолорду алмаштырып алган. Эртеси 30 жылдан бери башкы дарыгер болуп эмгектенип келаткан 60 жаштагы айым өзүнүн креслосун сураганда, бербей койгон. Бир аз кайым айтышуулар болуп кеткен, бири-бирин сабаганга чейин жеткен эмес. Кресло талашып экөө жулкулдаша кеткенде, компьютер да, креслодо жерге кулаган. 70 жаштагы айым милицияга «урду» деп арыз жазып, эртеси жумушка келбей койгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: