Бүгүн, 28-январь күнү Равшан Жээнбековдун ишине байланыштуу анын жактоочусу жана тарапташтары пресс-конференция өткөрүштү.
Жыйында адвокат Равшан Жээнбековдун козголгон кылмыш иштерине эч кандай тиешеси жоктугун айтып, актыгын далилдөөгө даяр экенин билдирди.
“Кой-Таш окуясына байланыштуу башкы шектүүлөр менен Равшан Жээнбеков менен беттештирүү болгон. Тергөөнүн купуя сырына байланыштуу алардын аттарын айта албайм. Беттештирүүдө эки тараптын тең көрсөтмөлөрү бири-бирин толуктаган, карама-каршы көрсөтмөлөр болгон эмес” – деп билдирди адвокат Замир Жоошев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Эсиңиздерге сала кетсек, Равшан Жээнбеков былтыр, 12-декабрда ИИМге суракка чакырылып, ага Кой-Таш окуялары боюнча “Барымтага алуу” жана “Массалык башаламандыкты уюштуруу”, «Бийликти күч менен басып алуу» беренелеринин негизинде камакка алынган. 14-декабрда, Биринчи Май райондук сотунда Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралып, 2020-жылдын 9-февралына чейин СИЗО-1де кармоо чечимин чыгарган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ