Menu

Видео – Чүйдө мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер, кымбат баалуу спирт ичимдиктери кармалды

Бөлүшүү:

17-январь күнү Чүй облусундагы “Ак-Тилек” өткөрмө пуктунан “Вольво” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа чиркегичи менен кармалган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 28-январь күнү билдирди.

Маалыматтар боюнча, жүк ташуучу унаада (коштомо кагазга жазылган) кондитер азыктары, тамак-ашка кошуучу кошулмалар жана шиналар бар болгон.

Бирок, текшерүүнүн жыйынтыгында кымбат баалуу спирт ичимдиктери (виски, сыра, коньяк, арак, вино), мөөнөтүнөн өтүп кеткен дары-дармектер, химикаттар (отоо чөптөрдө өлтүрүүчү) ж.б. товарлар табылып, алардын тиешелүү документтери жок экени аныкталган.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 228-берениси (Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Иштин жагдайын териштирүү үчүн кармалган “Вольво” үлгүсүндөгү унаа токтотуучу жайга киргизилген.

Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүштүн алкагында териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: