Бишкек шаарында таксист майып келинди жолдун боюна таштап кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, кечээ, 27-январда С.Э. аттуу адам арыз менен милицияга кайрылган. Ал 23-январда, саат 11:30 чамасында жубайын жолдун боюна таштап кеткен таксистти таап, ага чара көрүүнү суранган. Бул факт катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ