Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеӊеште Кытайдын жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча түзүлгөн ЖКнын убактылуу депутаттык комиссиясынын отуруму өтүп жатат.
Депутаттык комиссиянын жыйынында Жаныбек Бакчиев Саймаитинин өлүмү боюнча Түркия менен болгон кызматташтык тууралуу сурап, иштин жүрүшүнө кызыкты.
УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Сагынбек Самидин уулу Түркияга тергөөчү жөнөп кеткенин айтып, эгерде түрк тарап макул болсо, тергөөнүн маалыматтары менен таанышып турарын билдирди.
“Саймаитини өлтүргөн адамдардын экөөсү кыргызстандык экени ММКларда таратылган. Бирок, паспорттор жасалма экенин дагы айтылган. Бул жөнүндө Түркиядан расмий маалымат келген эмес. Биз кайрылуу жөнөткөнбүз, бирок жооп келе элек. Маалыматты алар менен коомчулукка жарыялайбыз” – деп кошумчалады Сагынбек Самидин уулу.
Мындан сырткары Сагынбек Самидин уулу Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө Сириянын жараны буйрук бергенин айтты. Ал эми буйрукту Өзбекстандын жараны аткарган.
Эсиңиздерге сала кетсек, эл аралык издөөдө жүргөн жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы отелдин багында отурган жеринен атып кетишкен.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ