Кытай коронавирустун жаңы түрү менен күрөшүү максатында 10 күн ичинде Ухань шаарында убактылуу оорукана курду. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
“Хошэньшань” ооруканасы кечээ, 2-февраль күнү ишке берилген. 1 000 орундуу оорукананын курулушу 23-январда башталган. Жаңы ооруканада 1 400 аскер дарыгерлери бейтаптарды дарылайт.
Кытайда коронавирус илдетинен каза болгон адамдардын саны 362ге жетти. Коронавирустун жаңы түрүнө чалдыккандардын саны 17 205ке чейин жетти.
Белгилей кетсек, декабрь айынын аягында Кытай бийлиги Ухань шаарында өпкө оорусунун күчөшү тууралуу айтып чыккан. Бул коронавирустун жаңы түрү – 2019-nCoV деп алдын ала маалыматтарда айтылган.
Бүгүнкү күндө аталган вирус Кытай мамлекетинен тышкары да жайылууда. Тайванда, Түштүк Кореяда, АШ, Тайланд, Гонконг, Франция, Россия жана Австралиянын аймагында вирусту жугузуп алган учурлар катталган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ