Кечээ, 3-февраль күнү Биринчимай райондук соту мурунку депутат Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартты.
Сот мындай чечимди 4-февралга караган түнү кабыл алып, шектүүлөрдү 9-апрелге чейин Бишкек №1 ТИЗОсунда калтырды.
Эсиңиздерге сала кетсек, Равшан Жээнбеков 12-декабрда ИИМге суракка чакырылып, ага Кой-Таш окуялары боюнча “Барымтага алуу” жана “Массалык башаламандыкты уюштуруу” беренелеринин негизинде шектүү катары камакка алынган. Дал ошол күнү Жогорку Кеңеште 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу угулуп, бир топ адамдын аты аталган. Алардын арасында Равшан Жээнбеков да бар болчу.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ