Menu

Кыргызстан менен АКШнын Тышкы саясий ведомстволорунун башчылары визалык чектөөлөрдү жокко чыгаруу тууралуу сүйлөшүштү

Бөлүшүү:

Кечээ, 3-февраль күнү Ташкент шаарында КР Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков АКШнын Мамлекеттик катчысы М.Помпео менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

КР менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору, анын ичинде, КР жарандарына карата АКШ тарабынан киргизилген визалык чектөөлөрдү жокко чыгаруу боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды. Америкалык тараптын жогоруда айтылган чечими түздөн-түз КР жарандарынын кызыкчылыгын козгоп жаткандыгын Министр Ч.Айдарбеков дагы бир ирет баса белгиледи.

Биометриялык паспорттор дагы киргизиле элек 80ден ашык өлкөнүн ичинен, тандалып бир нече мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга карата гана чектөөлөр киргизилгендигине кыргыз тарабы таң калуусун билдирди. Бул Кыргыз Республикасында ийгиликтүү өнүгүп жаткан парламенттик демократияны, сөз эркиндигин өнөктөш катары колдоо түшүнүгүнө туура келбейт.

Кыргызстан эл аралык коопсуздукту камсыздоо боюнча процесстердин активдүү катышуучусу болуп саналарын, ошондой эле терроризм менен күрөшүүгө өзүнүн өзгөчө салымын кошуп келгендигин жана кошуп жаткандыгын Министр Ч.Айдарбеков баса белгиледи.

Бул багытта тыгыз өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана түзүлгөн абалды чечүүнүн жолдорун издөө жөнүндө сүйлөшүү жетишилди.

Тараптар эки жана көп тараптуу форматтардагы кыргыз-америка мамилелеринин бардык комплексин өнүктүрүү маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: