“Бугу эне” коомдук бирикмесинин калыбына келтирүү борборуна чөө менен жарадар болгон түлкүнү алып келишти. Бул тууралуу “Бугу эне” фондунун директору Салтанат Сеитова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазган.
“Бизге чөө менен жарадар болгон түлкү келип түштү. Түлкүнүн оң буту сынып, сөөгү көрүнүп калган. Жарадар болгон бутун кесүүгө тууура келди. Оперциядан кийин жакшы болуп кетсе, зоопаркка кетет” – деп жазган Салтанат Сеитова.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ