Социалдык тармактарды КР УКМКнын Басма-сөз кызматынын атынан таратылып жаткан, баардык телефондук сүйлөшүүлөр жана соцтармактардагы билдирүүлөр жазылып алынууда деген маалымат
чындыкка дал келбейт.
УКМК бул маалыматты “фейк” катары баалайт.
Буга байланыштуу, учурда УКМК жогорудагы маалыматтарды тараткандарды аныктоо боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө.
Ошол эле учурда КР УКМК жалган маалыматтарды тараткандарды мыйзам чегинде кылмыш жообуна тартуу каралгандыгын эскертет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ