Menu

Видео – Чыныбай Турсунбеков: “Ош базарындагы милициянын маңдайында өмүр бою сойкукана иштейт. Эми ызы-чуу чыкканда милиция анын ээсин таппай жаткан имиш”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-февраль күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков Кытайдагы окуган студенттер өлкөгө келе албай жатышканын, Россиядагы сайтта кыргыз паспортун жасайбыз деп ачык эле жазылып турганын айтып, Өкмөттү сындады.

Муну менен катар депутат Бишкектеги Ош базарында сойкукана бар экенин айтып, ал жакка Караколдон майыптыгы бар 16 жаштагы кызды алып келип, мажбурлап иштеткенин белгилеп, милиция аларды бир күндө таппай калганын айтып нааразы болду.

“Ош базарындагы милициянын маңдайында өмүр бою сойкукана иштеп келген. Азыр эми ызы-чуу чыккандан кийин милиция аны иштеткен адамдарды таппай жаткан имиш. Караколдогу кыздын ата-энесине чейин барышып, аларды коркутуп-үркүтүү болуп жатыптыр. Милиция ошолордун артынан иштебейби? Өкмөт ушул маселелерди чечпейби?!” – деп билдирди.

Депутат өкмөттүн өкүлүнө кайрылып: “Кат менен кайрылсак жоопсуз калат экен. Жок дегенде ачык айталы, жооп бергиле”, – деди.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: